"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасында кезектеги рейд болуп өттү.

Ишкананын жетекчилиги автоунааларды текшерип, бардык автобустардын техникалык жактарын карап чыгышты.

Оңдоого муктаж болгон унаалардын тизмеси түзүлдү.

Тактап айтканда, салондун санитардык абалы текшерилди, ошондой эле автобустун салонундагы отургучтардын жана кармагычтардын абалы, гигиена каражаттары жана маскалар текшерилди.

Жол эрежелерин сактабаган жана автобусту талаптагыдай санитардык абалда кармабаган айдоочуларга эскертүү берилди.

Мындай текшерүү эки жумада бир жолу жүргүзүлөт.