Көрктөндүрүү боюнча муниципалдык инспекция борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Инспекторлор күн сайын текшерүү жүргүзүп, көрктөндүрүү фактыларын аныктап турушат.

Алсак, бир айдын ичинде инспекция тарабынан белгиленбеген жерлерде таштанды чыгаруунун 148 фактысы аныкталган. Эреже бузуучулардын арасында 58 жаран жана 90 ишкана  бар.

Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча 227 миң сом суммасында айып пул салынган.

Эреже бузуулар карала турган жерде эреже бузуучулардын бардыгы эле күнөөсүн мойнуна алышпайт. Мындай иштер административдик комиссиянын кароосуна укук бузуучунун өзү катышкан учурда жөнөтүлөт.

Ал эми айып өз убагында төлөнбөсө, айып санкциясы боюнча чыгарылган токтомго карабастан, айып пулдун үстүнө кошумча туум эсептелет.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден таштандыларды контейнер аянтчаларына жеткирип, үйүңүздөрдүн жана кеңселериңиздердин тегерегинин тазалыгын жана ирээттүүлүгүн сактоону суранабыз.