Свердлов районунда Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана эскерүү ырым-жырымдарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча райондук комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү

Жыйында Президенттин Жарлыгынын жер-жерлерде аткарылышы тууралуу МАБдын начальниктеринин маалыматы угулду.

Жыйынтыгында каза болгондордун элесине арналган үй-бүлөлүк эскерүү ырым-жырымдарын жана иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантуу чечими кабыл алынды. Алдыдагы Рамазан айында демөөрчүлөрдүн эсебинен муктаж болгон тургундарга азык-түлүк баштыктарын тапшырууну уюштуруу.

Ошондой эле Свердлов районунун имам-хатибу Уланбек Курманбаевге жума намазынын күнү эскерүү ырым-жырымдарын жана үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүү учурунда жарандарды ашыкча ысырапкорчулуктан жана ашыкча акча коротуудан баш тартууга чакырган түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды.