Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушуусу болду.
Жолугушуу учурунда тараптар Жаштар аллеясына "Кыргыз-Казак достугунун алтын көпүрөсү" эстелигин орнотуу жана шаарлар аралык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү маселесин талкуулашты.
Маалымдама: азыркы учурда Бишкек шаары Казакстандын 2 шаары - Алматы-1997-жылдан жана Астана-2011-жылдан бери боордош шаарлардан.