Кызыл-Аскер конушунун Сельсовецкая көчөсүндө жайгашкан №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жер төлөсү менен 3 кабаттуу имараттын курулушу уланууда.

Бүгүнкү күндө бетон иштери бүткөрүлүп, биринчи кабаттын жана жертөлөсүнүн кирпич коюу иштери бүткөрүлүп, электр жарыгы тартылды. Экинчи жана үчүнчү кабаттарда кирпич коюу иштери уланууда.

Жаңы имарат 150 кишини кабыл алууга ылайыкталган. Анын жалпы аянты 1402 м2.

Кошумча имаратта ЭКГ, УЗИ, дарыгерлердин кабинеттери, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, стерилизация бөлмөлөрү, жуунучу жайлар болот.

Мындан тышкары долбоордо аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган.

Кошумча имарат куруу үчүн «Нак Строй» ЖЧК подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.