Борбор калаанын мэринин орун басары Виктория Мозгачева И.В. Панфилов атындагы №6 мектеп-гимназиясы автордук окуу-тарбия комплексинин  5-Д классынын окуучусу Чагатай Абакунов менен жолугушту. Чагатай актуалдуу темаларда, анын ичинде мектептеги бейбашчылык тууралуу видеолорду тартып, Instagram желесиндеги өзүнүн  Chaga_boom баракчасына жайгаштырып келет.

Мэрдин орун басары  Чагатайга жигердүүлүгү жана теңтуштарына кызыктуу маалыматтарды бөлүшкөнү үчүн ыраазычылык билдирип, китеп  белекке берди.

Виктория Мозгачева муниципалитет ар дайым активдүү жарандарды колдоорун жана демилгелерге ачык экендигин белгиледи.