Борбор калаада спорттун 11 түрү боюнча “Мектеп лигасы” уланууда.

Спорттук программанын негизги максаты - Бишкек шаарында жаштардын спортун мындан ары өнүктүрүү, жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларын спорттун түрлөрүнө тартуу, аларды адистештирилген спорттук мектептерде андан ары даярдоо үчүн келечектүү спортчуларды аныктоо, мектептердин ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо болуп саналат.

«Мектеп лигасы» программасынын алкагында өспүрүмдөр спорт мектебинин спорттук базасында жана «Диалог» борбордук балдар борборунда балдар жана кыздар арасында шахмат боюнча мелдеш өтүп, ага Бишкек шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептерден жана гимназиялардан 16 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгында уландар арасында жеңүүчүлөр жана байге ээлери төмөнкүдөй аныкталды:

1-орунду №6 автордук окуу-тарбиялык комплексинин командасы;
2-орунду №62 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясы;
3-орунду   №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин командасы;
Кыздар арасындагы мелдеште №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси;
2-орун №67 окуу-тарбиялык комплекси;
3-орун №70 мектеп гимназиясы.

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин ийгиликтүү оюну менен куттуктайт.