27-28-февраль күндөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан мектеп окуучуларынын жалпы предметтери боюнча республикалык (шаардык) олимпиадасынын III этабы өттү.

Олимпиаданын шаардык этабына жалпы билим берүү  мектептердин 152 окуучусу катышты.

Иш-чара И. Раззаков атындагы КМТУнун жана Б. Ельцин атындагы КОСУнын базасында 12 сабак боюнча өткөрүлдү: математика, физика, химия, информатика, кыргыз тили жана адабияты, англис тили, тарых, география, биология, орус тили жана адабияты.

Калыстар тобунун курамында беш ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү, борбор калаадагы мектептердин алдыңкы мугалимдери, ошондой эле билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлдөрү болду.

Шаардык олимпиаданын жеңүүчүсү болуп 56 окуучу тандалды, эң көп сыйлыктарды №61 гимназия 6 жеңүүчү, №13 мектеп гимназиясы 3 жеңүүчү, N№6, 26, 28, 37, 38, 67, 69 мектептеринен  2ден жеңүүчү,  ошондой эле № 4, 12, 20, 24, 26, 29, 33, 63, 65, 70, 71, 72 жана 85 мектептерден бирден жеңүүчү алды.

Шаардык олимпиаданын жеңүүчүлөрү республикалык олимпиаданын этабына катышат.
Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана дагы ийгиликтерди каалайбыз!