3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туу күнүнө карата № 84 Ж.Садыков атындагы мектебинде Кыргыз Республикасынын Туу күнүнө жана Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу линейка болуп өттү.

Иш-чарага шаардык кеңештин депутаты У.А. Сариев, Ленин районунун акиминин орун басары А.С. Жунусова жана Ленин райондук билим берүү борборунун директору Т.Э. Темирканова катышты.

Иш-чара улуттук бий жана Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, «Милициянын жаш досу» бөлүмүнүн окуучулары жана «Эр жигит» сынагынын жеңүүчүлөрү тууну көтөрүп чыгышты. Башталгыч класстын окуучулары «Манас» эпосунан үзүндү хор менен айтышса, «Жеткинчек» ийриминин окуучулары «Манас» гимнин, Ак калпак, Кыргызстан жөнүндө патриоттук ырларды аткарышты.

Белгилей кетсек, Ак калпак күнү расмий түрдө 2016-жылдан бери 5-март күнү белгиленип келет. Калпактар көлөмү жана түсү боюнча көргөзмөгө коюлду. Эң чоң калпактын бийиктиги 1 метрди түздү. Мындан сырткары дагы 4 ак калпак көргөзмөгө коюлду.