Шаардык муниципалитетте вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев менен Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы «Туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү» коомдук фондунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө электрондук таштандыларды башкарууга мониторинг жүргүзүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү маселелери талкууланды.

Андан кийин борбор калаанын мэриясынын атынан Биринчи май акимчилигинин имаратында райондун башчысы Максатбек Сазыкуловдун катышуусунда жыйын өттү.

Фонддун өкүлдөрү таштандыларды өзүнчө чогултуу пункту менен таанышты.

Өз кезегинде аким мындан ары кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, долбоорго ылайык, электрондук таштандыга мониторинг Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстанда жүргүзүлөт, аны БУУнун Окуу жана изилдөө институту жана Туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү борбору  Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча федералдык министрлигинин (BMU), Германиянын айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин (UBA) колдоосу менен ишке ашырат.

Анын жыйынтыгы боюнча аналитикалык баяндама жана Кыргызстанда электрондук калдыктарды экологиялык жактан таза башкаруу үчүн зарыл болгон маанилүү кадамдар жана чаралар даярдалат.

Андан соң долбоордун алкагында электрондук таштандыларды башкаруу көйгөйлөрүн талкуулаган Улуттук форум өткөрүлөт.