“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 7-март күнү саат 9:00дөн 15:00гө чейин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында таза суу токтотулат.

Турак жай имараттары, мектептер, мектепке чейинки балдар мекемелери, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик объектилери жана өнөр жай ишканалары суусуз калат.

«Энесай» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу өчүрүлөт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.