Борбор калаанын Свердлов районунда катуу таштандыларды сорттоочу аянтча иштеп жатат.

Пилоттук долбоордун алкагында Свердлов районунун аймагында Токтогул менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде катуу тиричилик таштандыларын сорттоочу аянтча иштеп жатат.

Улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын эко-аянтча курулган.

Евроконтейнердин ичине видеокөзөмөл камера орнотулуп, борбордук байланыш системалары кошулду: суу, канализация жана электр энергиясы.

Таштандыларды сорттоочу бөлмө жабдылып, аристон жана кондиционер орнотулду.

Таштанды контейнерлери жаан-чачындан (жамгырдан, кардан) коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жерге чатырдын астына коюлган. Контейнерлерди орнотууда жакынкы үйлөрдүн калкы да эске алынган.

Долбоордун максаты:

1. Жарандарда өзүнчө чогултуу маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү;
2. Экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо;
3. Жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.

Бул багытта иштер уланууда.

Жалпысынан Бишкек шаарынын мэриясы таштандыларды чогултуу жана сорттоо үчүн 100 пункт курууну пландоодо.