Бишкек шаарынын курама командасынын мүчөлөрү 2023-жылдын 23-26-февралында Фуджейра шаарында (БАЭ) өткөн каратэ боюнча WKF "KARATE 1-Youth League Fujairah" рейтингдик эл аралык турнирине катышты.

Турнирге 66 өлкөдөн 1000ден ашуун спортчу катышты.

14 жашка чейинки уландар арасында +55 кг салмакта күмүш медалды Бишкек шаардык курама командасынын мүчөсү Илья Кобелев (Октябрь райондук спорт мектебинин тарбиялануучусу, жеке машыктыруучусу Б. Дүйшеев) алып келди. Биринчи беттешинде Катардын спортчусун 6:0 эсебинде жеңип, андан соң БАЭ турниринин кожоюндарынын өкүлүн ушундай эле эсеп менен 6:0 эсебинде, үчүнчү беттешинде Хорватиядан келген спортчуну 7-2 эсебинде жеңип, финалга чыгып, египеттикке 2-0 эсебинде утулуп калды.

14 -55 кг чейинки уландар арасында коло медалды Явгет Матвей (Октябрь районунун спорт мектебинин тарбиялануучусу, жеке машыктыруучу Казанов Д.) алды. Биринчи кармашта ал казакстандыкты биринчи алган упайынын артыкчылыгы менен 1:1 эсебинде жеңсе, экинчи беттешинде 1:0 эсебинде жеңип, үчүнчү беттешинде америкалыкты 2-0 эсебинде утуп алды.  Жарым финалда Люксембургдан келген атаандашына 6-0 эсебинде утулуп, кийинки коло медаль үчүн күрөштө полякты 2-1 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын курама командасынын мүчөсү Байжигитова Даткайым Октябрь райондук спорт мектебинин тарбиялануучусу, 2022-жылы кадеттер арасындагы Азия чемпионатынын коло байге ээси, жарым финалга чейин жетип, коло медаль үчүн беттеште жеңилип калган. Ошону менен өз категориясынын жыйынтык протоколунда 5-орунду ээледи.