Чехиялык компаниялар менен кызматташуу 2022-жылдын 9-сентябрында шаардык муниципалитетте Чехиянын Кыргызстандагы Ардактуу консулу Марат Жаанбаев, Чехия парламентинин төрагасынын орун басары Ян Бартошк баштаган чех саясий делегациясы менен расмий жолугушуудан кийин башталды.

Жаңылыкка шилтеме: https://www.meria.kg/ky/post/25220

Чех делегациясы убадасында туруп, Чехиядагы бир нече компаниялар менен байланышууга жардам берди.

Биз Бишкек шаарынын  тажрыйбасын, аброюн жана шаарга болгон кызыгуусун изилдеп көрүп, дал ушул компаниялардын консорциумун тандап алдык, анткени алар инвестиция жагынан эң реалдуу, оптималдуу жана жеткиликтүү чечимди сунушташкан.

Консорциумдун МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу тажрыйбасы бар. HDT Impex  компаниясы Казакстан, Чехия, Словакия, Черногория, Македония жана Албанияда МЖӨ долбоорун ишке ашырууда. Алар долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тартууга жана мыйзамдык базага жардам берүүгө даяр.

Таштандылар долбоору ишке ашкандан кийин, көчөлөрдү жарыктандырууга, акылдуу шаарга, тыгындарга жана телематикага инвестиция салып, жаңылоого даяр, анткени,  бай тажрыйбага ээ.

Алардын чакыруусу менен мен 2022-жылдын октябрь айында Чехиянын Прага шаарында болдум жана алардын ишке ашырган долбоорлорун, кеңселерин жана иш-чараларын көрүп чыктым.

Биздин алдын ала макулдашуубуздун негизинде консорциум катуу тиричилик калдыктарын жана таштандыларды кайра иштетүүчү завод темасы боюнча эң мыкты эл аралык эксперттерден турган жумушчу топту чогултуп, Бишкектеги таштанды көйгөйүнө талдоо жүргүзүп, алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгып, 2022-жылдын ноябрь айында шаар мэрине жана Бишкек шаарынан бир мандаттуу шайланган Жогорку Кеңештин депутаттары Жаныбек Абиров, Дастан Бекешев жана Шайлообек Атазовго сунуштаган. Алар алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени биринчилерден болуп көрүп, угууга жана эксперттерге суроо берүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.

Жаңылыкка шилтеме: https://www.meria.kg/ky/post/26251

Талдоонун автору Юрий Сизов, Москванын мурдагы вице-мэри, Москва, Нижний Новгород, Мурманск шаарларында таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду жана комплекстерди түзүп, ишке киргизген адам.

Бул иштердин бардыгын инвесторлор мамлекеттик бюджеттен же шаардык казынадан каражат коротпой, өз каражаттарынын эсебинен жасашкан.