Шаардын экологиясын жана таза абасын сактоо муниципалдык кызматтын эң маанилүү милдеттеринин бири.

Алсак, Биринчи май районундагы Исанов көчөсү 79 дарегинде жайгашкан "79" бизнес борборунун аймагына «Эвокс» ишканасынан эки электр кубаттоочу  жай орнотулду.

Унаадан чыккан газдар айлана-чөйрөгө түздөн-түз жана узак мөөнөттүү терс таасирин тийгизери белгилүү. Электромобилдерге өтүү зыяндуу чыгындылардын узак мөөнөттүү жана олуттуу азайышына алып келет, бул экология үчүн жагымдуу фактор.

Бул экодолбоор Биринчи май районунун акимиаты менен бизнес-борбордун администрациясынын ортосундагы тыгыз кызматташтыктын аркасында ишке ашырылды.

Мындан ары мындай станциялардын санын көбөйтүү пландаштырылууда.

Урматтуу инвесторлор, ишкерлер! Биринчи май акимиаты экологиялык кырдаалдын шарттарын жакшыртуу  жана жалпысынан шаарыбызды өнүктүрүү үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана кызматташууга бизнес өкүлдөрүн чакырат.

Толук  маалыматты төмөнкү дарек боюнча алууга болот: Бишкек ш., Жибек Жолу көч., 348, Биринчи май районунун муниципалдык администрациясынын имараты, маалымат үчүн телефон: +996 (312) 661 537.