«Тазалык» муниципалдык ишканасы жана экологиялык активисттер Таалайбек Асейинов, Канышай Рыспекова менен биргеликте Бишкек шаарында орнотулган таштандыларды сорттоочу жаңы пункттарда таштандыларды сорттоого көмөктөшүү иштерин жүргүзүүдө.

Экологиялык активисттер шаардыктарга таштандыны сорттоо ар бирибиз үчүн канчалык маанилүү экенин түшүндүрүүдө.

Бөлүнгөн абалда таштандынын компоненттери жаңы товарларды өндүрүү үчүн экинчи сорттогу сырье болуп саналат.

Мисалы, пластмасса, айнек, металл эритип, кайра өндүрүшкө сырье катары кайтарылат.

Алардын буласынан кагаз, текстиль майдаланып, буюмдар да жасалат.

Эске салсак, таштандыларды сорттоочу пункттар Жибек-Жолу проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде, Бишкек Парк соода борборунун жанында, Раззаков менен Жумабек, Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган.

Жалпысынан Бишкек шаарынын мэриясы таштандыларды чогултуу жана сорттоо үчүн 50 пункт курууну пландоодо.