«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы жаз мезгилине карата борборду көрктөндүрүү иштерин күчөттү.

Ишкананын кызматкерлери  шаардын ирригациялык тармагын тазалоо иштерин кызуу жүргүзүүдө.

Кол менен тазалоо иштери Аалы Токомбаев, Айтиев, Абдрахманов-Пушкин, Жибек-Жолу, Тоголок-Молдо, Үсөнбаев көчөлөрүндө жана Тынчтык проспектинде өткөрүлүүдө.

Урматтуу шаар тургундары! Арыктарга  таштанды таштабаңыздар. Шаардык кызматтардын  эмгегин сыйлап, муниципалдык менчикке аяр мамиле кылыңыздар.