Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы борбор калаанын бир нече көчөлөрүндө курулуштарды бузуу иштерин жүргүздү.

Чүй проспектиси жана Ахматбек Сүйүмбаев көчөсүнүн боюндагы «Бибигон», «Бегемот», «Оазис» үч фастфуд түйүндөрү алынды.

Ошондой эле, «Мурас-Ордо» конушунун жашоочуларынын суу алуучу коргоо зонасы боюнча доо арызынын негизинде туруктуу курулма демонтаждалды.

Ак-Ордо конушундагы Барсбек жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги гриль сатуучу жеңил объект жана Ак-Босого конушундагы Архитектор көчөсү менен Беларусь көчөсүндөгү соода күркөлөрү, Чокморов көчөсүн бойлой тротуар курууга тоскоол болгон күркөлөр да алынып салынды.