Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун тапшырмасы менен жана көрктөндүрүү эрежелерин сактоонун алкагында тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча масштабдуу рейддер башталат.

Акимият көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы жана МАБ менен биргеликте  чарба жүргүзүүчү субъекттер (күркөлөр, дүкөндөр жана башка соода объектилери) тарабынан мыйзам бузууларды аныктоо үчүн белгиленген аймактарда туруктуу негизде рейддерди өткөрөт.

Белгилеп кетсек, "Көрктөндүрүү эрежелерин бузуу" 114-беренесине ылайык, эреже бузгандарга  эскертүү берилет же жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13000 сом айып салууга алып келет.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Үйүңүздүн жана кеңсеңиздин жанында тазалыкты сактаңыз, таштандыларды белгиленбеген жерлерге ыргытпаңыз жана өрттөбөңүз, анткени борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, баарыбыз 10 метр аралыкта айлана-тегеректи таза кармоого милдеттүүбүз.