Борбор калаада 1-марттан 31-майга чейин көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыяланды.

Ушул ишембиде, 4-мартта  жазгы жалпы шаардык ишембилик өткөрүлүп, көчөлөрүбүздү, короо-жайларыбызды тазалап, көчөт отургузабыз.

Ишембиликте имараттарга жана курулуштарга жанаша турган ирригациялык тармактарды, ошондой эле  парктарды жана скверлерди тазалоого өзгөчө көңүл бурулат. Чарбалык субъектилердин, уюмдардын жана мекемелердин ишембиликтерин өткөрүү жерлери райондук администрациялар тарабынан аныкталат.

Урматтуу шаар тургундары! Баарыңыздарды шаарыбызды көрктөндүрүүгө, тазалоого  чакырабыз.