Ленин районунун мектеп окуучулары Сүймөнкул Чокморов, Исхак Раззаков атындагы музейлерде, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик адабият жана искусство музейинде, О.М.Мануилова атындагы мемориалдык үй-музейде болушту.

Музей кызматкерлери окуучуларды музейдин жаралуу тарыхы менен тааныштырды, экспозицияларды көрсөтүштү.

Иш-чара абдан кызыктуу өттү.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” Жарлыгын жана “Кыргыз жараны” жарандык инсандыкты өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Маалымат:

1. Көрүнүктүү скульптор Ольга Мануйлованын мемориалдык үй-музейи. Ольга Мануйлова Кыргызстандын искусствосунун көрүнүктүү инсаны. О.М.Мануилованын мемориалдык үй-музейинде сүрөт көргөзмөлөрү, Кыргызстандын заманбап сүрөтчүлөрүнүн жана скульпторлорунун эмгектери коюлган. Көбүнчө бул жерден жеке көргөзмөлөрдү да көрүүгө болот, анда скульптура, живопистин үлгүлөрү, батик, гобелен жана салттуу кийизден жасалган буюмдар, ошондой эле дизайнерлердин зер буюмдары коюлган.
2. Сүймөнкул Чокморов атындагы музей 2017-жылдын 26-майында негизделген. С.Чокморов 1939-жылы Чоң-Таш айылында туулган. Бала кезинде көп ооругандыктан  убактысынын көбүн  төшөктө жатып, сүрөт тарткан. Айыгып кеткенден кийин Сүймөнкул сүрөт тартууга олуттуу кызыгып калган. С.Чокморов 400дөн ашык сүрөт тарткан, алардын көбү пейзаж, натюрморт жана портрет. Анын айрым эмгектери азыркыга чейин Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде сакталып турат.
3. Исхак Раззаковдун музейи 2005-жылы негизделген. Көптөгөн жеке буюмдар - китептер, кийимдер, эмеректер, ички буюмдар коюлган. Саясатчынын сыйлыктары, анын ичинде төрт Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу, 1-даражадагы Ата-Мекендик согуш ордендери менен таанышууга болот. Бул экспонаттар Исфана шаарындагы (Баткен облусу) Раззаковдун мемориалдык үй-музейинен алынып келинген.
4. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик адабият жана искусство музейи 1989-жылдын 5-октябрында Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгын белгилөө максатында түзүлгөн.

Музейде үч бөлмө бар:

зал – түрк жазуусу
зал - оозеки чыгармачылык жөнүндө
зал — демократ-акын Токтогул Сатылгановдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө.

Музейде 5000ге жакын экспонаттар (кол жазмалар жана китептер) бар.