Октябрь районундагы Тоголок Молдо атындагы мектепте вице мэр Виктория Мозгачеванын катышуусунда окуучулар арасында Сармерден иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программанын алкагында болуп өттү.

Иш-чарага 18 кыз жана 18 бала катышты.

Белгилей кетсек, уюштурулган Сармерден оюну коноктордун жана окуучулардын кызыгуусун жаратты.