“Бишкек суу чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын Биринчи май жана Свердлов райондорундагы коллектордук-дренаждык тармактарды (КДТ) кол менен жана механикалаштырылган тазалоо иштерин улантышууда.

Свердлов районунда Суворов көчөсүндөгү Батыш Чоң Чүй Каналынан(БЧЧК)  Осмонкул көчөсүнө чейинки коллектордук жана дренаждык тармактар тазаланды.

Батыш Чоң Чүй Каналынын(БЧЧК) түштүк тарабынан Осмонкул көчөсү менен Күрөңкеев көчөсүнө чейин жана Фере көчөсүндөгү дренаждык түйүндөрдү тазалоо иштери улантылууда.

Эске салсак, ачык жана жабык  коллектордук-дренаждык түйүндөрдү (КДТ) тазалоо иштери жылына эки жолу жүргүзүлөт. Негизги иштер Биринчи май жана Свердлов райондорунун конуштарында өткөрүлөт. Бул зонада табигый жер астындагы суулардын деңгээли көтөрүлгөндүктөн, каналдардын  көбүн камыш басып, ылайлар пайда болот.

Урматтуу шаардыктар! Негизги каналдарга  жана коллектордук-дренаждык тармактарга таштанды толтурбоону, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.