Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаада “Заманбап транспорттук технологиялар” АКсынын (ГАЗ Групп) өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Заманбап транспорттук технологиялар» компаниялар тобунун башкы директору Олег Марков жеңил коммерциялык жана орто жүк ташуучу унаалар, автобустар, коммуналдык жана жол кызматтары үчүн унаалар, жеңил унаалар, күч агрегаттары жана автокомпоненттер линиясын сунуштады: .

Өз кезегинде мэр завод менен мындан аркы кызматташууга даяр экенин билдирди.

Жолугушууга ошондой эле вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев, Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы соода өкүлү Айнур Саманов, «Заманбап транспорттук технологиялар» АКсынын сатуу боюнча директору Дмитрий Пыжиков,  Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн консультанты Николай Бабкин катышты.

Маалымдама: ГАЗ тобуна Россия Федерациясынын 8 аймагындагы 18 өндүрүш ишканалары кирет.