Муниципалитетте борбор калаанын мэриясы менен чехиялык HDT Impex s.r.o. жана  ReGreen s.r.o. компаниялар консорциуму ортосунда кызматташуу ниети жөнүндө протоколуна жана таштанды иргөөчү комплекстин курулушу боюнча инвестициялык долбоорду бирге ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюу аземи болуп өттү.

Документке борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Чехиялык компаниялардын консорциумунун өкүлдөрү  Ярослав Веб жана Камила Данишова кол койду.

Кол коюлган документтин алкагында борбор калаанын мэриясы, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана муниципалдык ишканалары Чехия компанияларынын консорциумуна долбоордук иш-чараларды ишке ашыруу процессине ар тараптуу жардам көрсөтүшөт.

Консорциумдун өкүлдөрү ошондой эле долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча Чех Консорциумунун технологиялык жол менен чечимдерин сунушташты.

Курулуш материалдарынын, буюмдарынын, конструкцияларынын калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагына жайгаштыруу эрежелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору жана долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси (техникалык-экономикалык негиздемеси) иштелип чыгат. Ошондой эле ReGreen Inc. жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  ортосундагы инвестициялык келишимдин долбоорун иштеп чыгышат.