Биринчи май акимчилигинин жыйындар жайында район башчысы Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы алдында коллегия болуп өттү.

Турак жай-коммуналдык чарба боюнча мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Максат Алымбеков, Элнура Дүйшекеева, шаардык жана райондук кызматтардын, МАБдын жетекчилери катышты.

Коллегиянын иш планы, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын тазалоонун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралар планы, “Бишкекасфальтсервис”, “Бишкекжашылчарба”, “Бишкексуучарба” МИнин 2022-жылы иш пландын аткарылышы жана 2023-жылга карата милдеттери каралды.

Быйылкы жылы катуу таштандыларды сорттоочу эки аянтча ачылып, район боюнча бардыгы 25 катуу таштандыларды сорттоочу аянтча ачуу пландалууда. Мындан тышкары бир айдын ичинде бардык мектептерге жана бала бакчаларга экоконтейнерлер (кагаз, металл, айнек жана желим) орнотулат.

«Бишкекасфальтсервис» МИ тарабынан узундугу 4 миң 480 метрди түзгөн 5 көчөнү, 9 көчөдө 20 миң 320 метрди түзгөн тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда.

“Бишкек жашыл чарба” МИ 2000ден ашык жалбырактуу дарактарды, 523 ийне жалбырактуу дарактарды, 851 бадалдарды, 41 900 даана тосмолорду отургузууну, 5 жашыл аймактарды жакшыртууну, 4 жерге ландшафт долбоорлорун ишке ашырууну пландоодо.

«Бишкек суу чарба» МИнин маалыматына ылайык, узундугу 5 миң метрден ашкан 5 көчөнүн ирригациялык тармактарын реконструкциялоо, Профсоюз жана Нарв, Л.Толстой жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сугат скважиналарын бургулоо пландалууда.

Берилген маалыматтар угулуп, сунуштар жана сын-пикирлер эске алынып, бир нече тапшырмаларды жана артыкчылыктуу милдеттерди көрсөтүү менен коллегиянын токтому кабыл алынды.