Кызыл-Аскерде Биринчи май районунун №15 орто мектебинин базасында “Жер титирөөдө өзгөчө кырдаалдын экинчи даражадагы фактору – өрт” деген темада жарандык коргонуу күнү болуп өттү.

Машыгууга 734 окуучу жана 28 мугалим катышты. Машыгуу эвакуациялоо планына ылайык жүргүзүлүп, авариялык жана негизги сыртка чыгуулар колдонулган.

Биринчи май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн аскер кызматкерлери коопсуздук чаралары жана өрт өчүрүүчү алгачкы жабдуулар менен иштөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошол эле учурда милициянын кайгуул-күзөт кызматынын бөлүм кызматкерлери берилген сигналына ыкчам жетип барышкан.

Мындай окутуулар райондун башка мектептеринде да өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, машыгуулар Биринчи май районунун 2023-жылга карата жарандык коргонуу боюнча даярдык планынын алкагында да өткөрүлдү.

Урматтуу шаар тургундары! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!