Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялоо борборунда аталган борбордун кызматкерлери тарабынан эне тил күнүнө карата концерттик программа уюштурулду.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү катышты.

Кыргызстан Эл аралык университетинин 1-курсунда окуп жаткан пакистандык студенттер өздөрүнүн улуттук бийин бийлеп, ыр ырдап, өздөрүнүн маданияты тууралуу да айтып беришти. Концертке катышкандардын бардыгы өздөрүнүн улуттук кийимдерин, бийлерин көрсөтүштү. Мындан тышкары, ар кандай элдердин салттуу тамактарынын көргөзмөсү болуп, бардыгы көп позитивдүү сезимдерге ээ болушту.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялоо борбору күн сайын Бишкек шаарында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген жүздөй  адамды тейлейт.