Борбор калаанын №65 экологиялык-экономикалык лицейинде «Мектеп лигасы» программасынын алкагында стол тенниси боюнча мелдештер өткөрүлдү.
Турнирге Бишкек шаарындагы орто мектептерден жана гимназиялардан 16 команда катышты.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча 1-орунду Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп-лицейинин командасы, 2-орунду №96 -орто мектеби, ал эми 3-орунду кожоюндар командасы – №65 лицейи ээледи.
Кыздар арасындагы мелдеште 1-орунду №62 орто мектеби, 2-орунду №61 мектеп-гимназиясы, 3-орунду №88 орто мектеби багындырды.
“Мектеп лигасынын” негизги максаты – мектептер ортосундагы достук байланышты чыңдоо. Бишкек шаарынын орто мектептеринин ичинен спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана өзгөчө таланттуу, балдарды жана өспүрүмдөрдү аныктоо.