Октябрь районунун акими Азамат Дороев менен Аламүдүн районунун акими Бактыбек Анаркуловдун жолугушуусу өттү.

Жыйындын жүрүшүндө «Алтын Ордо» жаңы конушунун жана Полиция шаарчасынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу, «Кырман» жаңы конушунда курулган 74 турак-жайды мыйзамдаштыруу, ошондой эле  Өскөн -Ордо конушундагы катуу таштандыларды чыгаруу маселесин чечүү  каралды.

Ошондой эле Достоевский көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Куланак көчөсүнө чейин жолдун курулушун улантуу маселелери жана Рухий -Мурас 8 көчөсүн  дагы канализация тармагына кошуу маселеси талкуланды.

Жыйындын жыйынтыгында белгиленген маселелерди чечүү үчүн бул багытта биргелешкен иштерди жүргүзүү чечими кабыл алынды.