Октябрь акимиатынын кызматкерлери, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, райондук билим берүү борборунун, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жана МАБнын адистери тарабынан кароосуз калган жашы жете элек өспүрүмдөрдү, ошондой эле кайыр сураган  балдарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү.

Мечиттерди текшерүүнүн натыйжасында 7 баланын өздүгү аныкталып, 5 бала ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, муниципалдык администрация тарабынан мындай текшерүүлөр дайыма  жүргүзүлүүдө.