Бишкекте автобус айдоочуларынын арасында рейд өткөрүлдү.

Текшерүү Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте борбор калаадагы МККБнын  кызматкерлери тарабынан уюштурулду.

Рейд учурунда айдоочулардын жүрүм-турумуна, жол эрежелерин сактоого, автобустардын техникалык абалына өзгөчө көңүл бурулган. Кабинадагы отургучтардын жана кармагычтардын абалы дагы текшерилген.

Жыйынтыгында, жол эрежелерин сактабаган автобус айдоочуларына эреже бузгандарга чара көрүлөрү эскертилди.