Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти 2022-жылдын 14-декабрынан баштап борбордогу турак эмес жайларды баалоого сынак жарыялайт.
Сынак төмөнкү кызматтарга жарыяланат:
- "Орто-Сай" базарында күркөнү баалоо;
- "Орто-Сай" базарында турак эмес жайларды баалоо;
- "Орто-Сай" базарында жер тилкеси менен турак эмес жайды баалоо;
- Каракум жана Нарвская көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан бассейнди баалоо.
Урматтуу жеткирүүчүлөр! Атаандаштыкты түзүү жана мыкты подряддык уюмдарды тандоо максатында катышууну сунуштайбыз! Суроолор боюнча 454402 телефонуна кайрылсаңыздар болот.