Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Бишкек шаарынын мэриясы бардык кирүү топторун, тепкич аянтчаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иретке келтирүүнү сунуштайт. Болбосо, объекттер бузулат.
Шайкеш келтирүү үчүн төмөнкүлөр керек:
- уруксат берүүчү документтер;
- макулдашылган долбоорлор;
- тепкичтер тротуарды ээлебеши керек;
- пандустарды милдеттүү түрдө орнотуу;
- макулдашылган жарнамалык белги;
- фасаддын "Бишкекбашкыархитектура" МИси менен макулдашылган жалпы чечими.
Белгилей кетсек, имаратта бир нече кирүү топтору жарнама, пандустар жана башкаларды эске алуу менен бирдиктүү чечим дегенди билдирет.
Кошумча маалымат жана жогоруда аталган пункттардын биринин чечими үчүн Чокморов көчөсү, 246 дареги боюнча Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине, ошондой эле Чокморов көчөсү, 185 дарегинде жайгашкан "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесинин "Бирдиктүү терезе" бөлүмүнө кайрылууңуздарды суранабыз.