Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде коомдук транспорттун каттамдарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жума сайын жыйынга чогулат.    
Комиссия шаардын каттамдарын ачуу, жабуу жана өзгөртүү боюнча объективдүү карап, негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.
Түзүмдүн курамына Патрулдук кызмат башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөлдөө агенттигинин, Бишкек троллейбус башкармалыгынын, Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын жана акимиаттардын өкүлдөрү кирген.
Өткөн жыйында сегиз маселе каралды.

Талкуунун жыйынтыгы менен «Юрам» ЖЧКсына таандык № 152 кичиавтобустук каттамдын кыймыл чиймесин жарым-жартылай өзгөртүү чечими кабыл алынды. Эми каттам Шералиев көчөсү менен Семетей көчөсүнө чейин, 18-көчөгө кирбестен жүрөт. Андан кийин, каттам ошол эле кыймыл чийме боюнча каттайт.

“БЖАИ” муниципалдык ишканасынын № 38 автобустук каттамдын кыймыл чиймеси  түз эле Буурдин көчөсү боюнча Темиров тилкесине чейин жана андан ары кыймылдын мурунку жүрүү каттамы боюнча узартылды.
Жашоочулардын өтүнүчү боюнча «Элек» ЖЧКсына таандык № 172 кичиавтобустук каттамынын кыймыл чиймесин Учкун конушундагы 9-көчөгө чейин узартуу боюнча бир добуш менен чечим кабыл алынды. Акыркы аялдаманы иретке келтиргенден кийин, кичиавтобустук каттамдын кыймыл чиймеси “Учкун” жаңы конушунун 9-көчөсүнө чейин өзгөртүлмөкчү.  
Эки маселе комиссиянын кийинки отурумуна жылдырылды, каттамдардын кыймыл чиймесин өзгөртүү боюнча калган кайрылууларды өзгөртүүсүз калтыруу чечими кабыл алынды.
Урматтуу шаар тургундары! Комиссия ар аптанын жума күндөрү саат 14:00дө өткөрүлөт жана Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин расмий баракчасында көрсөтүлөт: https://www.facebook.com/ugt533646
Коомдук транспорт маселеси боюнча WhatsApp: 0 (502) 205 202 номуруна кайрылсаңыздар болот.