Шаарыбыздын камкор тургундары  «Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасынын жумушчуларына ысык тамак беришти.
Шаардык кызматтын кызматкерлери кечки саат 18:00дөн тарта Малдыбаев-Скрябин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ала-Арча дарыясында тоңгон муздардан арылтышты. Атайын техникалар менен: экскаватор, чиркегичи бар МТЗ-82 трактору, «Хово» үлгүсүндөгү унаа, алдыңкы жүктөгүч жана 20 жумушчу иштеген.
Жакынкы үйлөрдүн жашоочулары жумушчуларды кызуу колдоп, аларга ысык тамак уюштурушту.
«Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы шаардыктарга даамдуу кечки тамак үчүн ыраазычылык билдирет.