Октябрь акимчилигинде балдар иштери боюнча комиссиянын (КДБ) кезектеги жыйыны болуп өттү.
Балдар иштери боюнча комиссиянын жыйынына Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлери, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн, МАБдардын, Октябрь райондук билим берүү борборунун, РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө адистери, №6 ҮМБнын медицина кызматкерлери жана Альтернатива коомдук фондунун психологу катышты.
Биз 26 материалды карап чыктык, анын ичинен 23ү үй-бүлөнүн жеке иш планын жана балдарды коргоонун жеке планын бекитүү жана жокко чыгаруу жөнүндө, баланы энесинде калтыруу жөнүндө корутунду, жашы жете электердин иштери боюнча РИИБнин 3 материалы, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү боюнча материалдар каралды.
2022-жылдын өткөн мезгилинде 26 отурум өткөрүлдү, анын ичинен 2 КДДнын көчмө жыйыны. Жалпысынан 298 материал каралды.
Отурумдун жыйынтыгын чыгарып жатып, комиссиянын төрагасы Октябрь районунда үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүү боюнча системалуу чаралар көрүлүп жаткандыгына карабастан, көйгөй актуалдуу бойдон калып жаткандыгын жана балдарга карата зордук-зомбулукка дуушар болгон жерде балдарды коргоо ар бир адамдын милдети экендигин белгиледи.
Урматтуу шаар тургундары! Балдарга карата зордук-зомбулукка же ырайымсыз мамилеге күбө болгон болсоңуз, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө 51-03-75, Балдарга жардам берүү борборуна 54 29 34 кабарлаңыз.