Шаардык муниципалитетте чехиялык “HDT Impex” жана “Taza Bio Systems” компаниялары тарабынан даярдалган бир нече долбоорлордун бет ачары болуп өттү.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана катышуучулар үчүн  «КТК башкаруу системасын реформалоо» (I этап) презентациясы менен эксперт баяндама жасады.

Биринчи этаптын алкагында таштандыларды сорттоо жана компосттоо, технотопурак (биокомпост) өндүрүүнү уюштуруу пландаштырылууда. Сорттоочу цехтин жана биокомпост линиясынын курулушу келип түшкөн катуу таштандыларды 60%га чейин иштетүүгө мүмкүндүк берет.

Долбоор ийгиликтүү ишке ашса, келечекте муниципалитет “жашыл” облигацияларды колдоно алат.

Долбоорду ишке ашыруу процессинде көмүртек бирдиктерин эсептөө аркылуу экологиялык таасирди баалоо пландаштырылууда.  Андан кийин, колдонуудагы ыкмаларга ылайык, бөлүнүп чыкпаган ар бир тонна СО2 акча эквивалентине айландырылат.
Бул эквивалентке ылайык, компания белгилүү бир натыйжага байланган атайын облигацияларды (SLB-облигациялар) чыгарат.

Облигациялар европалык биржалардын бирине жайгаштырылат жана анын жүрүшү тууралуу отчет менен коштолот.
Ошондой эле көчөлөрдү жарыктандырууну модернизациялоо жана шаар көчөлөрүн санитардык тазалоо боюнча долбоорлор сунушталды. Сырткы жарыктандырууну жакшыртуу долбоору уникалдуу SMART CITY башкаруу системасын киргизүүнү камтыйт.