Борбор калаадагы «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын багбандары күчөтүлгөн режимде эмгектенишүүдө.
Жашылдандыруучулар Юнусалиев көчөсүндө Горький көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин, Тыныстанов көчөсүндө Чүй проспектисинен Түгөлбай-Ата көчөсүнө чейин, Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварында, Абдрахманов көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Щербаков көчөсүнө чейин жана Ибраимов көчөсүндө иштеп жатышат.
Ошондой эле жашылдандыруучулар шаардын жашыл аймактарын отоо чөптөрдөн тазалоодо.
Ирригацияны тазалоо, бак-дарактарды санитардык бутоо боюнча күчөтүлгөн иштер жыл аягына чейин уланат.