Быйылкы жылы Ленин районунда мектептер жана мектептерге кошумча имараттар ачылып, район жаңы 1750 окуу оруну менен камсыз болду.

Район башчысы Русланбек Тагаев Ак-Ордо жаңы конушундагы №102 мектепти, андан соң №40 мектептин жаңы кошумча имаратын жана Жал кичи районундагы №18 бала бакчасын көрүп келди.

Мектептерди жана бала бакчаларды кыдыруу учурунда район башчысы окуу процесси менен таанышып, окуу кабинеттерин кыдырып, жалпы билим берүү уюмдарынын кышкы мезгилге даярдыгын жана башталгыч класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоонун сапатын да текшерди.

Ошондой эле, аким тиешелүү кызматтардын жетекчилерине аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Кыдыруунун жыйынтыгында район башчысы жаңы ачылган билим берүү мекемелеринин директорлоруна окуучулардын окууларына өзгөчө көңүл буруп, жалпы билим берүү уюмдарынын мүлкүнө кам көрүүнү суранды.