Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инсандын руханий - адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу жана конуштарда жашаган калктын арасында дене тарбияны жана спортту андан ары өнүктүрүү максатында жашаган жери боюнча спартакиада өткөрүлдү.

Жашаган жери боюнча спартакиада программасынын алкагында 18-19-ноябрь күндөрү волейбол, дартс жана аркан тартыш боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Волейбол боюнча биринчиликтин жеңүүчүсү болуп Свердлов районунун командасы, Биринчи май районунун командасы - 2 - орунду, Октябрь районунун командасы-3-орунду жана Ленин районунун командасы-4-орунду алышты.

Дартс боюнча мелдеште Октябрь району боюнча 1 - орун, Свердлов району боюнча 2 - орун, Ленин району боюнча 3 - орун жана Биринчи май району боюнча 4-орун.

Аркан тартыш боюнча мелдеште 1 - орун-Октябрь району, 2 - орун - Ленин району, 3 - орун-Биринчи май району, 4-орун Свердлов району.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине тиешелүү даражадагы медалдар, дипломдор, кубоктор тапшырылды.

19-ноябрдан 20-ноябрга чейин №71 мектеп гимназиясынын спорт базасында мини-футбол жана стол тенниси боюнча мелдештер өткөрүлөт.