2022-жылдын 1-ноябрында муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Руслан Бекназаровдун төрагалыгы алдында муниципалдык администрацияда кирешелер боюнча райондук Штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынга райондук салык кызматынын, ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын, райондук каржы башкармалыгынын, жетекчилери жана муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлери катышты.

2022-жылдын январь-октябрь айларында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана 2022-жылдын ноябрь айына күтүлүп жаткан кирешелер боюнча маселелер каралды.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгы жана Ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан 2022-жылдын 10 айында жергиликтүү бюджетке 1 млрд. 973 млн. сом салыктык түшүүлөр жыйналды.

Райондук кызматтардын жетекчилерине салыктар боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу, кошумча салыктык түшүүлөрдү табуу жана салык мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө аркылуу райондун салык базасын кеңейтүү тапшырмасы берилди.