Шаарды көрктөндүрүүнү  көзөмөлү боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан чарба  субъекттерге таштанды чыгаруучу ишкана менен келишим түзүү зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Октябрь району боюнча 181 субъект менен сүйлөшкөнбүз. Натыйжада жалпысынан 4 миллион 995 миң сомго келишимдер түзүлдү.

Ошондой эле инспекторлор тарабынан таштанды чыгарууга  келишим түзүү боюнча 54 кортунду чыгарылган.


Муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, шаардыктарды менчигинин түрүнө карабастан күн сайын өз аймагынын айланасында тазалыкты камсыздап турушу керектигин эскертет.