Шаардыктардын коопсуздугу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан темир тосмолор жасалып, Чоң Чүй каналынын боюна орнотулду.

Свердлов районунун акимчилигинин демилгеси менен ишкананын базасында тазалыктын жумушчулары темир тосмолорду жасашты.
ЧЧКнын түштүк тарабында Курманжан Датка көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин узундугу 180 погон  метрди түзгөн жаңы тосмолор орнотулду.

Даярдоо жана орнотуу иштерине ишкананын 7 кызматкери жана 1 бирдик атайын техника тартылган.
Урматтуу шаардыктар! “Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча суроолоруңуз болсо, төмөнкү социалдык тармактарга кайрылыңыз:

Фейсбук:

https://www.facebook.com/

Инстаграм:

https://instagram.com/mp_tazalyk_bishkek?igshid=YmMyMTA2M2Y=

Тик-Ток:

https://www.tiktok.com/@mp_tazalyk?_t=8WO6Z98DLKT&_r=1