«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы маалымдагандай, 2022-жылдын 15-ноябрында саат 9.00дөн 18.00 гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.  

«Энесай»,  «Дордой-1», «Дордой-2» жаңы конуштарында суу убактылуу өчүрүлөт.

Ичүүчү суу «Энесай»   суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

Борбордун мэриясы келтирилген  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууларын суранат.