№1 Ч.Айтматов атындагы китепканада борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева менен активдүү жаштардын ачык диалог форматында жолугушуусу болуп өттү.

Вице-мэр чакырылган конокторду Жаштар күнү менен куттуктап, жайлуу маанайда баарлашууга чакырды.

Иш-чара Кыргызстандын Жаштар күнүнө карата уюштурулуп, ошондой эле «Балдарга жана жаштарга достук шаар» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын максаты - потенциалды өнүктүрүү, жаштарга байланыштуу чечимдерди кабыл алууга катышуу.

Жолугушууда катышуучулар өздөрүнүн идеялары, демилгелери жана долбоорлору менен бөлүшүп, шаар чөйрөсүн калыптандыруу боюнча сунуштарын айтышты.

Маалымдама: Жыл сайын 10-ноябрда белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын Жаштар күнү (Кыргызстандын жаштар күнү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы №15 токтому менен бекитилген.