Свердлов районунда тышкы жарнаманы  иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. Курамына Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын, Свердлов акимиатынын, МАБдын жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү кирген комиссия рейддерди жүргүзүүдө. 

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 476 жарнамалык конструкциялар жана баннерлер алынган.

Буга чейин комиссия тарабынан шаардын эстетикалык көрүнүшүн сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр таратылган.

Рейддин максаты - шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана тышкы жарнаманын жана маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына шайкеш келтирүү, тышкы жарнамаларды жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү болуп саналат.

Эскерте кетсек, КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 107-беренесине ылайык, айып пул салуу каралган.