И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын медициналык кеңешинин отуруму болуп өттү.

Катышуучулар «Кургак учук 5» программасын ишке ашыруунун жүрүшүн, Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарында кургак учукка каршы кызматтын абалын, инфекциялык көзөмөлдүн абалын, Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарында медициналык процедуралардын коопсуздугу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын карап, талкуулашты.

Ошондой эле Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарында ИСМП/ВБИ менен ооругандардын абалына, санитардык-техникалык абалына жана санитардык-эпидемияга каршы режимдин сакталышына жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктарды көмүүсүнө, Улуттук программанын аткарылышына көңүл бурулду. «2020-2024-жылдарга иммунопрофилактика» жана вакцина менен башкарылуучу инфекциялардын оорусу боюнча эпидемиологиялык абал жана жүргүзүлүп жаткан алдын алуу чаралары каралды.

Жыйындын жыйынтыгында саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине тапшырмалар берилди.