«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо иштерин улантууда.

Жакында «Тазалык» ишканасынын базасына таштанды контейнерлери үчүн Түркиядан мурда буюрутма кылынган 2 миң даана сапаттуу дөңгөлөктөр келди.

Ишкананын кызматкерлери Бишкектин төрт районунда тең таштанды контейнерлеринин дөңгөлөктөрүн алмаштырууга киришти.

Контейнерлердин дөңгөлөктөрү көбүнчө уурдалып же эскилиги жеткен.

Урматтуу шаар тургундары! Тазалыкты сактап, шаардын мүлкүнө аяр мамиле кылууңуздарды суранабыз.