Бүгүн муниципалдык менчик жана жер пайдалануу боюнча вице-мэр Нурдан Орунтаев менен түштүктөгү №12 кичирайондо жайгашкан “Ак-Жорго” гараж кооперативинин мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында вице-мэр Нурдан Орунтаев борбор калаанын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине (ММБД) караштуу «Бишкек унаа токтоочу жай» муниципалдык ишканасына гараж менен келишим түзүү иштерин баштагандан кийин тиешелүү келишимдин долбоорун  Бишкек шаарында жайгашкан кооперативдер менен биргеликте даярдоону тапшырды.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык шаардык кооперативдерди келишим түзүү үчүн ММБДга  чакырат. Дареги: Чокморов көч., 246. Байланыш телефондору: 0312 45 41 13.